Саясат
ЕККУ: Кыргызстандык тараптарды тынчтыкка чакырды
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
ЕККУ: Кыргызстандык тараптарды тынчтыкка чакырды
© Элита плюс

ЕККУнун төрагалыгы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат, - деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Албаниянын төрагалыгы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, Кыргызстанды биримдикке чакырды. "Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иш алып барууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Албаниянын ЕККУдагы төрагалыгы Конституциянын жана учурдагы улуттук мыйзамдардын чегинде кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө жол издөөгө үндөйт.

ЕККУнун төрагалыгы Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөөнү улантат.