Коом
Экинчи толкунга даярдык жүрүдөбү?
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Экинчи толкунга даярдык жүрүдөбү?
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болору болжолдонуп, ага карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун маалыматында, учурда Бишкек, Ош шаарларында жаңы оорукана курулуп жатат, өлкөнүн 7 облусундагы бош имараттар оңдоп-түздөөдөн өтүүдө.

Боронов Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкунуна буга чейин эле даярдык иштери жүрө баштаганын билдирди:

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы “Ганси” базасында 1306 орундуу стационар ачылган. Ошондой эле өлкөнүн 7 облусунда кеминде 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылат. Облустардагы бош болгон имараттар оңдоп-түзөөдөн өтүп, тиешелүү жабдыктар менен жабдылат. Анда интенсивдүү терапия жана реанимациялык палаталар болот. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында бош турган имарат оңдолуп, 200 орундуу оорукана ачылат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бош болгон лицейдин имаратына 304 орундуу, Баткенде бош поликлиникага 90 орундуу, Чүй облусунун Токмок шаарында 100 орундуу, Нарында куралдуу күчтөрүнө таандык имаратына 120 орундуу, Таласта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 192 орундуу жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 150 орундуу оорукана 1 – 1,5 ай аралыгында ачылат”, — дейт Боронов.

Айта кетсек, Бишкек менен Ош шаарларында жугуштуу оорулар ооруканасынын кошумча имараты салына баштады.

Өлкөдө акыркы бир жумада коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары азайып, бирок аймактардагы абал оор бойдон калганын Боронов кошумчалайт.