Дүйнөдө
Египетте мумия салынган 13 саркофаг табылды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Египетте мумия салынган 13 саркофаг табылды
© Элита плюс

Египеттин Саккара аймагында 2 жарым миң жылдан бери сакталып турган мумия салынган 13 саркофаг табылды. Табылга 11 метр тереңдиктеги көрүстөн шахтасынан табылган. Археологдор көрүстөн саркофаг салынгандан кийин дароо эле бекитилгенин, андан бери бир да адамдын колу тийбегенин билдиришкен. Учурда окумуштуулар буга окшогон саркофагдарды табуу жана көрүстөнгө коюлган адамдардын өздүгүн аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин да Египеттин аль-Асасиф көрүстөнүнөн ушуга окшогон 30 саркофаг табылган.