Саясат
Э.Асрандиев: "Сырттан алынган 148 млн доллар колдонула элек"
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
Э.Асрандиев: "Сырттан алынган 148 млн доллар колдонула элек"
© Элита плюс

Сырттан алынган каражттардын 148 млн доллары колдонула элек. Ал каражат экономиканы калыбына келтирүүгө, бизнеске жеңилдетилген насыя берүүгө жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин сырттан 321 млн доллар алынганы жана анын 173 млн доллары сарпталганы айтылган.

"Азыр ал каражаттар кайсы жакка жумшалат деген суроолор болуп жатат. Ал каражаттардын негизги бөлүгү Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген 121 млн доллар өлчөмүндөгү экинчи транш жана Европа биримдигинен келген гранттык каражат. Алардын басымдуу бөлүгүн экономиканы калыбына
келтирүүгө жана бизнести колдоого жумшоо пландалууда. Бул нерсе Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын көп бөлүгү кыска мөөнөткө берилген - 5 жылга берилгендиги менен байланыштуу. 3 жылдан кийин жеңилдик берилген мезгил аяктагандан кийин биз ал каражаттарды кайтарышыбыз керек болот. Ошондуктан ал ресурстарды бизнеске жеңилдетилген насыя түрүндө жумшаганыбыз туура болот: насыянын кайтарылышынан каражат топтоп тышкы карыз төлөнөт", - деди ал.