Саясат
Э.Асрандиев: "Эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды"
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Э.Асрандиев: "Эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды"
© Элита плюс

Бүгүнкү күнгө карата эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, учурда 338 млн доллардын 207 млн доллары пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга сарпталган. Калган 131 млн доллар Улуттук банктын эсебинде турат. Тышкы жардамдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү ишкерлерди каржылоо жолу менен экономиканы калыбына келтирүүгө жумшалат.