Коом
Дыйкан-Кара-Кече унаа жолу тазаланууда
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Дыйкан-Кара-Кече унаа жолу тазаланууда
© Элита плюс

 

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Транспорт жана жолдор министрлиги Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат. Дыйкан-Кара-Кече жолунун 37-чакырымындагы Кара-Кече тоосунун жер көчкү түшкөн. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган. Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен участкадан өтүү коркунучуна байланыштуу унаа жолу убактылуу жабылды. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат.