Коом
Дубайдан 191 кыргызстандык келди
Элита плюс
Июль 03, 2020 г.
Дубайдан 191 кыргызстандык келди
© Элита плюс

Бүгүн Дубайдан (Бириккен Араб Эмираттары) Бишкекке 191 кыргызстандык жаран келди, алардын ичинде кичинекей балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, рейстин бардык жарандары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты. Келген жарандар тартип менен  медициналык текшерүүдөн өтүү  үчүн обсервацияга жаткырылат. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча иштер дагы уланмакчы.