Коом
Дубайдан 122 жаран келди
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Дубайдан 122 жаран келди
© Элита плюс

Бүгүн Кыргызстанга «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан. Алардын катарында жаш балдар дагы бар. 

Кошумчалай кетсек, Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган. Бул каттамдар менен Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлиги менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргызстандын  жарандары келе алышат.