Дүйнөдө
Дубайда чөлдүн чок ортосунда лыжа тебүү боюнча мелдеш өттү
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Дубайда чөлдүн чок ортосунда лыжа тебүү боюнча мелдеш өттү
© Элита плюс

Дубайда лыжа тебүү боюнча мелдеш өттү. Сыртта абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлгөн мезгилде, лыжачылар менен сноубордчулар чөлдүн чок ортосунда жайгашкан Ски Дубай жабык лыжа базасында чогулду. Жергиликтүү спорт министрлиги мелдешти адамдарды жайкы аптаптан сергитүү үчүн уюштургандыгын билдирди. Бул сыяктуу мелдеш Жакынкы Чыгышта алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Бул коронавирустук пандемиядан улам жай мезгилинде суук өлкөлөргө бара албай калган шаар тургундарын сергитүү максатында уюштурулду. Мелдеш Дубайдагы карантиндик чектөөлөр бошотулгандан бери өткөрүлгөн алгачкы массалык иш-чаралардын бири. Мелдештин катышуучулары кар баскан жасалма тоолордон, 3 чакырымга созулган жолдордон жарышып, чуркап өттү. Базаны ичиндеги абанын температурасы 4 градуска чейин төмөндөдү. Абу Дабиде полиция кызматкери болуп эмгектенген жөө күлүк Бутти ан-Нуайми кар үстүндөгү жарышта биринчи орунду алып, женүүчү деп аталды.