Дүйнөдө
ДСУ: Коркунучтуу вирус кооптуу учурга келди
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
ДСУ: Коркунучтуу вирус кооптуу учурга келди
© Элита плюс

Дүйнө коронавирус пандемиясынын өтө кооптуу учурунда тургандыгын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди. Анын кайрылуусу социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды. Гебрейесус COVID-19 менен ооруп калгандардын күн санап өсүп жатышы инфекциянын тездик менен таралуусунан кабар берерин эскертти. "Кечээ бир сутка ичиндеги маалыматтар келип түштү. Дүйнөдө коронавирус жуккан 150 миң жаңы учур катталыптыр. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Табылгандардын жарымы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келди. Ал аймактарды май айында пандемиянын борбору деп тааныганбыз. Азыраак катталган сан Түштүк Азия менен Жакынкы Чыгышта болуп жатат", — деген Гебрейесус.