Дүйнөдө
ДССУ: Өзбекстанга 4 миллион долларлык гуманитардык жардам берди
Элита плюс
Июль 24, 2020 г.
ДССУ: Өзбекстанга 4 миллион долларлык гуманитардык жардам берди
© Элита плюс

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы күрөшүү үчүн Өзбекстанга 4 миллион долларлык гуманитардык жардам берди.

Жеке коргонуу каражаттарынан, анын ичинде коргоочу көз айнектер (95 200 даана), халаттар (178 000 даана), хирургиялык беткаптар (12 000) жана респиратордук KN95 беткаптарынан (1 064 000 даана) турган жардамдын жалпы салмагы 84 тоннаны түзөт.

ДССУ 8-июлда да Өзбекстанга 619 400 даана адамдын жүзүн коргоочу экран жана 2 176 000 даана хирургиялык беткаптан турган гуманитардык жардам жөнөткөн.

Ал эми Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы күрөшүү алкагында жалпы наркы 508 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам кылды. Жеке коргонуу каражаттарынын партиясында 46 миң 200 бет коргоочу калканыч, 14 миң 600 коргоочу көз айнек, 57 миң халат, 150 миң респиратордук беткап бар.