Дүйнөдө
ДССУ: Мектептер вирустун очогу болушу мүмкүн
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
ДССУ: Мектептер вирустун очогу болушу мүмкүн
© Элита плюс

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдар боюна программасынын директору Майкл Райан коронавирустун жаңы очоктору боло турган жерлерди атады. Анын айтымында, окуу жылынын башталышы менен мектептер инфекция зонасына айланышы мүмкүн. Бул былтыр дүйнө жүзү боюнча мектептердин 43% колду самын жана суу менен жууй турган шаймандар жок болгону менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырды деп эртелеп кубанбоого чакырды. Себеби илдет ар бир адамдын иммунитетине жараша жугат деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү