Дүйнөдө
ДССУ: "Лондондо катталган коронавирустун жаңы түрү Дания, Нидерланды жана Австралиядан да катталды"
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
ДССУ: "Лондондо катталган коронавирустун жаңы түрү Дания, Нидерланды жана Австралиядан да катталды"
© Элита плюс

Нидерландда, Данияда жана Австралияда буга чейин Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги COVID-19га байланыштуу Улуу Британиянын бийлиги менен тыгыз байланышта экенин билдирип, анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө коомчулукка маалымдаарын убада кылган.

Учурда бир катар өлкөлөр анын ичинде ЕС мамлекеттеринин көпчүлүгү Улуу Британия менен транспорттук байланыш токтогонун билдиришти.

Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.