Дүйнөдө
ДССУ: "Бет кап-тилектештиктин символу"
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
ДССУ: "Бет кап-тилектештиктин символу"
© Элита плюс

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму беткап челленжин өткөрүүдө. "Бул аптада биздин өнөктөштөр менен бирге дүйнө боюнча беткап челленжин баштап жатабыз. Биз баарын беткап менен түшкөн сүрөттөрүн бизге жөнөтүүгө чакырабыз. Беткап коронавирустун жайылышын алдын алуу каражаты гана эмес, тилектештиктин символу болуп калды", - деген Дүйнөлүк саламаттык уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейсус. Дүйнөлүк саламаттык уюму мындай челленждерди бир нече жолу өткөргөн. Буга чейин алар "Таза кол", "Үйдө отурам жана "Деним сак" челленждерин өткөргөн.