Ийгилик сыры
Достук айыл аймагында мектеп, мечит курулуп, таза суу чыгарылды
Элита плюс
Май 29, 2023 г.
Достук айыл аймагында мектеп, мечит курулуп, таза суу чыгарылды
© Элита плюс

Ноокен районунун Достук айыл аймагында мектеп жана мечит курулуп, үч көчөгө таза суу чыгарылып берилди. Бул тууралуу Ноокен райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ихсан-хайрия" кайрымдуулук фонду тарабынан Шамалды-Сай айылындагы №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектепке 150 орундуу кошумча корпус жана Кормоцех айылына мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Кулатов, Осмонов, Жаштык көчөлөрүнө таза суу тартылып, 238 кожолук таза ичүүчү суу менен камсыз болду.

Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты Замирбек Мамасадыков, Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бекибаев, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.