Саясат
Доскул БЕКМУРЗАЕВ: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Энергетикадагы коррупциялык схемалар, биринчи жүздөр туурасында айтып берүүгө даярмын"
Элита плюс
Ноябрь 11, 2020 г.
Доскул БЕКМУРЗАЕВ: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Энергетикадагы коррупциялык схемалар, биринчи жүздөр туурасында айтып берүүгө даярмын"
© Элита плюс

“Түндүк электро” ишканасынын директору Доскул Бекмурзаев КРнын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго “Урматтуу Садыр Нургожоевич, эгер сиз энергетика тармагындагы көп нерселерди, биринчи жүздөрдү уккуңуз келсе айтып берүүгө даярмын. Энергетика тармагында “Түндүк электро” ишканасынын тегерегинде акыйкатчылык болбой калды” деп энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар туурасында ачык айкын кайрылуу жасады. “Ошондой эле, ал кайрылуусунда аталган тармакты кандай жолдор менен өнүктүрүп, өстүрүүгө боло турган мыкты сунуштар да айтты. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” демекчи, энергетика тармагын жакшы билген, тажрыйбалуу адис Доскул Жумагуловичтин бул кайрылуу Садыр Нургожоевичке жетсе, анда бул жерде бир топ сырдын бети ачылчудай. Андыктан, ушундай акыйкаттыкты талап кылган инсандар, коррупциялык схемаларды түп тамырынан жоюп, өлкөнүн, элдин жашоосун жакшыртсам деп жан үрөп жаткан Садыр Нургожоевичтин ишине да өз салымын кошоор деген ниеттебиз. Себеби, учурдагы президентибиз Садыр Жапаров кайсы жерге, кайсы аймакка барбасын, кимге жолукпасын өлкөдөгү чиелешкен коррупциялык схемаларды чогуу чечүүгө, факты менен жардам берүүгө чакырып келет. Ал эми Доскул Бекмурзаевдин төмөндөгү кайрылуусунда айрым мекеме жетекчилери аталып жатат. Бул факты, далил болбогондо эмне?! Ак ийилет бирок, сынбайт.