Дүйнөдө
Дональд Трамп бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштады
Элита плюс
Ноябрь 24, 2020 г.
Дональд Трамп бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштады
© Элита плюс

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштоого буйрук берди. Бул туурасында ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Трамп командасына жана жалпы башкаруу органдарга Жо Байденге бийликти өткөрүп берүү үчүн алгачкы протоколдордо эмне зарыл болсо баарын жасоону тапшырды. Америкалык лидердин айтымында, ал мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алган.

Ошол эле учурда Ак үйдүн ээси өзүнүн жеңишине ишенерин, катуу күрөштү улантып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, ага 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болгон. Жыйынтыгында Жо Байден жеңип чыккандыгы жарыяланган.