Парламент
Добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди
© Элита плюс

Шайлоодо добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзам актыларындагы өзгөртүүлөргө ылайык, талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн акча же буюм-тайым алган, шайлоо комиссиясына дарегинин алмашканын билип туруп туура эмес маалымат берген шайлоочулар жоопкерчиликке тартылат. Сунуш кылынган талапкер үчүн добуш берүүгө акча жана буюм-тайым таркатуу фактысы тууралуу өз ыктыяры менен билдирген шайлоочу жоопкерчиликтен бошотулат. Мыйзамга ылайык мындан тышкары талапкерлер тууралуу так маалыматтарды бербей, талапкерликке көрсөтүүгө, каттоого жана шайлоого тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыргандар да жоопкерчиликке тартылат. Шайлоо комиссиянын ишине кийлигишүү, алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылгандар да жазык жоопкерчилигине тартылат. Күчүнө кирген жаңы мыйзамда ошондой эле шайлоо укуктары бузулгандыгы боюнча сотко даттануу мөөнөтү үч күнгө узартылган. «Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.