Залкарлар
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
Элита плюс
Декабрь 04, 2020 г.
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс
Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Түшүмдө Саякбай ата “Манас” айтып берип «балам, “Манас” айтып жүр!» деди»
© Элита плюс

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда “Ала-Тоо» аянтында 5 метрлик бийиктиктеги айнек боз үйдө 14 саат 27 мүнөт тынымы жок «Манас» айтып, дүйнөлүк “Гиннесс» рекорддор китебине узакка “Манас” айтууну киргизүү аракетин көргөнү баарыбызга маалым. Бүгүн биз элге патриоттук дем-күч берген, Манас атабыздын руху-духун көтөргөн, улут сыймыгы Дөөлөт мырзанын жан дүйнөсүнө саякат алып, аны менен кызыктуу маек курдук.

- Дөөлөт мырза, “Өмүр көчү балалыктан башталат” демекчи, алгач, бала чагыңыз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз туурасында кеп салсаңыз.

- Бала чагым касиеттүү, жердин көзү Ысык-Көл өрөөнүндө өттү. 12 бир туугандын тогузунчусумун. Атам 2006-жылы каза болуп калган. Атам санжыраны катыра билген адам болгондуктан тааныбаган адамдар менен деле бат тил табышып, ата-тегин сурап эски тааныштардай сүйлөшүп кетчү. Китепти көп окуп, «Манас» айтып, жамакчы да болгон. Той-аштарда эл алдына чыгып ырдап, «Манас» айтып көпчүлүк менен жүргөндү жактырар эле. Атам менин биринчи устатым десем болот. Анткени кичинемде жетелеп жүрүп баарын үйрөттү. Үйгө конок келсе эт салып, эт бышканча мени мактап: «Азыр “Манас” айтып берет», - деп уялганыма карабай дем-күч берип айттырчу. Мен абдан уяң, тартынчаак болгондуктан: «Эмнеге атам конокторго мени “Манас” айттыра берет?» - дечүмүн. Көрсө, ошол кезден эле элге чыгып тартынчаактыгы жоголсун, адамдардын батасын алып улуу манасчылыкка аттансын деген окшойт.

Ал эми апамдын да касиети бар. Көп нерсени алдын-ала сезип, туят. Бала кезибизде бизге: «Азыр конок келет, тамак жасагыла. Үй жыйнап, даяр тургула», - деп ким, кайсы конок келерин божомолдоп айтып койчу. Айткандай эле ошол коноктор кирип келчү. Негизи өзү көп сүйлөбөйт. Бирок мага бир ачылса токтобой көп нерсени айтып берет. Апама аян түштөр кире берет. Кээде: «Баланча түшүмө кирди. Ооруп жаткан, деги аман болсо экен», - деп кейип алат. Айткандай эле көп өтпөй анын көз жумганын угуп таң калып калабыз. Түшүнө тааныган адамы кирип «мага кошок кош» дейт экен. Апам айткысы келбей кыйналып, анткен менен көзүнөн жаш агып ойгонгон учурлары болот. Көп өтпөй баягы адам да каза болуп калат. Апамдын апасы, таенебиз чоң айтымчы болуптур. Андан апама бул касиети өткөн окшойт.

- Атам Казакстанда армияда жүрүп военкоматта иштеген казак кызы апама ашык болуп, кийин өзү менен Кыргызстанга ала келген экен. Апам менен атам бири-бирин жактырып жүргөндө эле кайын атасын түшүндө көрүптүр. Түшүндө чоң атам апамды арабага салып келип, чоң столдун үстүнөн нан ооз тийгизип, салынып турган төшөккө барып ары карап жатып алат. Төшөк менен катар 7 жаздык, 5 жумуртка көрүптүр. Апам эртеси “7 кыз, 5 уулдуу болот экем, кайын атам өтүп кеткен адам экен. Бизге батасын берди” деп түшүн жооруйт да, ата-энесинин каршылыгына карабай атамды ээрчип келип алат. Үйгө киргизсе баягы түшүндө көргөн нан коюлган стол, төшөк туруптур. Чынында, атам жетим өскөн, кыйынчылыкта жашаган бала болгон. Ал эми апам барчылыкта, шаарда өскөн кыз болгондуктан таенем тоо-ташты аралап келип үйдүн кебетесин, жашоо шартты көрүп: «Бас, кетебиз!» - десе болбой апам калып калган экен. Анда дүкөндө койдун баш-шыйрагы, ичеги-карыны сатылып, айыл эли ынтымакташып бышырып чогуу жешчү экен. Ошол баш жеп отурган кезди көргөн таенем: «А, бу кыргыздар өзүнүн башын өзү мүлжүп жеп салган калк турбайбы. Жакында жакшы башчы келбейт окшойт», - деген экен. 

- Сизди манасчылардын тукумунан үчүнчүсү деп да калышат?

- Чоң атам чоң манасчы, уктап жатса дагы “Манас” айтып, комузу жок төкмө акын, дастанчы болгон экен. Анын энеси эл башкарган оозунда кеби бар, жамактап сүйлөгөн эне болуптур. Эки бир тууганы кыдыр даарып бири ырдаганда уккан киши талып жыгылчу дешет. Ал эми экинчиси тоо-ташты аралап Кожожаштай мергенчилик кылыптыр. Аларга элдин көзү, сөзү тийип жаштайынан каза болушуптур. Чоң атам эл башкарган, сөзү өтүмдүү Дөңүзбай манасчынын окуучусу болгон. Ал эми Дөңүзбай - Тыныбек манасчынын шакирти, Мамбет Чокморовдун таякеси.

- Сизге алгачкы аян канча жашыңызда берилген?

- Аян деген өмүр бою коштолуп жүрөт тура. Аяндан баш тартып өмүр менен жооп бергендер болгон. Мага 7-классымда аян берди. Бир майрам болчу. «Манас” айтасың» деп эл алдына чыгарып коюшту. Мен «айтпайм» деп ыйлап айтпай койдум. Ошондон көп өтпөй түшүмдө Саякбай атабыз келип “Манас” айтып берип: «Балам, “Манас” айтып жүр!» - деди. Кийин түштөрүмдө Манас атабызды, 40 чоросун, Кошой, Бакай аталарыбыз, Каныкей энебиз, Семетей, Күлчоро, Алманбет, Чубак, Сыргак аталарыбызды, манасчыларды көрүп жүрдүм. Алардын колдоосу менен 7-классыман тартып ушуга чейин «Манас» айтып келе жатам.

- Улуу «Манас» эпосунда Манас атабыздын тиреги, кеңешчиси анын жубайы Каныкей энебиз болгону айтылат. Сиздин жубайыңыз Ырыс кандай жар, кандай эне?

- Жубайым Ырыс экөөбүздүн бирге түтүн булатып калганыбыз дагы жөн жеринен эмес болсо керек. Биринчиден, Кудайдын буйругу, экинчиден, нике кайып. Ырыстын сырты кандай болсо, ички жан дүйнөсү дагы дал ошондой. Эч кандай жасалмалуулук деген жок. Элдин кызы. Элдин эл болуп сакталып калышына жаны күйөт. Экөөбүз үйлөнгөнгө чейин эле кыргыздын улуттук маданиятынын сакталышына аз да болсо салымын кошуп, салттуу кийимдерди даңктап жүргөн кыз эле. «Манастын» сакталышына да жан үрөп, чуркап жүргөн - менин жубайым. Узакка “Манас” айтуу иш-чарасын уюштургандан баштап уктаган жок. Эмгеги чоң. «Сен эч ойлонбо. Айтканды гана бил», - деп ысыкка, суукка чыдап жан дили менен колдогонуна ыраазымын. Кудайым мага мыкты жар берген. Менин жан дүйнөмдө эмне толкуп-ташып турганын сезип, билип турат. Бул нерсе бардык эле үй-бүлөдө боло бербесе керек деп ойлойм.

- Уулдарыңыздан ата жолун улап «Манас» айтканга шыктуусу барбы?

- Ооба, балдарыбыздын баары эле тили чыкканда «Манас» деп чыкты. Тили келбесе дагы обонго салып айтып калышат. Буюрса, Манас атабыз, кырк чоро аталарыбыз жол берсе, тукумубузда мындан ары да улаган манасчылар чыгат деген ниеттемин.   

- Дүйнөлүк «Гиннесс» рекорддор китебине узакка тынбай «Манас» айтууну киргизүү идеясы сизде качан жаралган?

- Бул идеяны көптөн бери багып жүргөм. Бирок каржы маселесине келгенде эле токтоп калчумун. Ушул иш-чараны башынан аягына чейин каржылаган Азат Исакунов байкеге биринчи барып оюмду айтканда дароо макул болуп: «Чыгымын жазып кел», - деди. Негизи шайлоодон кийин кылсак дегенбиз. Бирок андан кийин эл толкуду. Ана токтойт, мына токтойт десек, токточудай эмес. Эми күн сууктап кетсе кийинки жылга калат го деп жатканбыз. Анткен менен акыркы кырдаалды, ызы-чууларды көрүп элге жакшы жышаан ыроолосунчу, эл биригип ынтымакка келсинчи деген жакшы ниет менен иш баштадык. Алгач Таластагы Манас атабыздын күмбөзүндө айтсам дегем. Кийин уюштуруучулардын сап башында турган Элнура Кулуева эжекебиз “Бишкекте, борбордук “Ала-Тоо” аянтында Манас атабыздын айкелинин алдында айтылсын. “Манас” деген бийиктикте даңазаланышы керек. 5 метрлик бийиктикте, айнек боз үйдө айтылганы жакшы” деген идеясын айтты. Мага бул абдан жакты. Ошентип, буйруса, ойлогон ой-максатыбыз ишке ашты. Ошол күнү жааган ак кар менен элибизге кут-береке түшүп, өлкөбүз арууланып, жаңыра берсин.

- Сиз эпосту жаттап айтуучулардан эмессиз. Андыктан ушул учурда кандайдыр бир касиет дем-күч бердиби?

- 14 саат эмес, кээде конокко барганда 1-2 саат отура албай кыйналып кетесиң. Чынында эле Манас атабыздын колдоосу менен болду. Мамбет Чокморов атабыздын: «Манастын өзүнүн колдоосу болбосо же 40 чоронун колдоосу болбосо, белги болбосо же сыры болбосо, китептен жаттап чоң манасчы боло алабайсың», - деп айткан сөзү бар. Аян алуу «Манас» дүйнөсүнө уруксат алып кирүү дегенди билдирет. Ошондой эле “Манасты» жаттап айтуу деле жөн жерден эмес. Сөзсүз бир Манас атабыздын колдоосу менен айтып жаткандар. Негизи өзөктүү окуя бирөө эле. Бирок ошол окуяны сүрөттөп ар бир манасчы ар кандай айтат. Мисалы, Манас атабызды бири 1-2 саат сүрөттөп айтып отуруп алса, бири 2 сөз менен жеткире сүрөттөшү да мүмкүн.

- 1 тамчы суу уурттабай 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас» айтуу оңой эмес. Бул учурда сизге кыйынчылык жаралган жокпу? Өзүңүздү кандай сездиңиз?

- Эч кандай деле кыйынчылыгын байкаган жокмун. Бардыгы жайында болду. Суусап, кардым дагы ачкан жок. Эгер токтотпой турганда дагы деле айтканга мүмкүнчүлүгүм бар болчу. «Ушундай эл кубаттап турганда токтотпой эле койсоңуздар болмок», - десем, «сени аяп кеттик» дешти. Мага сезилген жок, болгону эриндер кургаганда көгөрүп кеткендей көрүнүп коркуп кетишкен экен. “Манас” айтып бүткөндөн кийин аябагандай толкундануулар болду. Биз Манас атабыздын урпагы болгон соң өз атабызды туу кылып көтөрбөсөк, ким көтөрөт? Өзүбүздү-өзүбүз көтөрбөсөк, бизди эч ким көтөрбөйт. Кыргыздын канында дух бар. Андыктан «Манас» деп сыймыктанбаган кыргыз жок болсо керек.

- Опол тоодой эмгегиңизге калың журт сыймыктанды. Ошол түнү кандай уктадыңыз?

- Үйгө барганда уйкум келген жок. Бирок денем чарчады окшойт, ал түнү абдан тынч уктадым. Эртеси өзүмдү аябагандай жеңил сезип, сергек ойгондум. Бул да болсо Манас атабыздын колдоосу болсо керек.

- «Гиннесс» китебине катталуу үчүн материалдарды жөнөттүңүздөр да. Качан жообу айтылат?

- Керектүү документтердин баарын чогултуп бердик. Атайын комиссия түзүлүп каралат. Бул эми эртең же бүрсүгүнү чечилчү иш эмес экен. Толук карап, тактап бүткөнчө бир нече убакыт талап кылынат экен. Буйруса, Кудайым колдоп, Манас атабыз колдосо, «Гиннесс» китебине катталып келет деген үмүтүбүз чоң. Эң негизгиси элге «Манасты» дагы бир жолу эсине салып, элди ынтымакка чакырып, атуулдук ар-намысын күчкө салып, элибизге, жерибизге оомат жалгасын деген ниетибиз менен чоң иш-чараны өткөрүп алдык. «Ала-Тоо» аянтына эл чогулуп ызы-чуу болуп жатканда да элге чыгып «Манас» айтып токтотууга аракет кылдык. Эл деген эл да. «Манасты” угуп тынчып калып жатышты. Анткени эпостун биримдикке, ынтымакка чакырган касиети күчтүү.  

- Алдыда дагы кандай максат, тилек, пландарыңыз бар?

- Буга чейинки «Залкар манасчылар» долбоорун улантуу менен алекпиз. Ошол 17-20-кылымга чейин аты уламышка айланып калган, күндөп-түндөп «Манас» айтып элге кут, оомат алып келген чоң-чоң залкар манасчы бабаларыбыздын басып өткөн жолун далил тасма катары чагылдырып, тартылган тасмаларды даярдап, «Манас» күнүнө белгилеп элге жеткирүүгө аракет көрүүдөбүз. Андан сырткары дагы көптөгөн жакшы идеялар бар. Буюрса, алар ишке ашып калса кабарлайбыз.

- Сизге эркин микрофон...

- Элден айланайын. Элге башымды ийип таазим кылам. Элдин берген батасы, каалоосу менен «Манас» айттым. Жалпы эле мени колдоп, сүрөп келген ММК кызматкерлерине, ак батасын, тилегин айткан аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштарыма, демөөрчү Азат Исакуновго, кызыктуу маегимдин “Элита плюс” журналына чыгышына салым кошкон Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулуна ыраазычылыгымды билдирем. Ак жолуңар ачык болсун! Жараткан жалгасын! Манас атабыз колдосун! «Жааган кар менен жаан кут болот» деп коёт. Жерибизге кут, береке орноп элбиздин саны кемибей, көбөйөлү. Өнүгүп-өсө берели!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА