Коом
Дүйшөнбек Зилалиев УКМКга кайтарылды
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Дүйшөнбек Зилалиев УКМКга кайтарылды
© Элита плюс

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Зилалиев 6-октябрга караган түнү мыйзамсыз түрдө жаза өтөп жаткан жеринен чыгарылган.

УКМК жана ИИМдин кызматкерлери Бишкектин борбордук аянтында массалык башаламандыктарды уюштургандарды жана жаза өтөө мекемелеринен мыйзамсыз чыккандарды аныткоо ишин улантып жатат.

Дүйшөнбек Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган.