Саясат
Дүйшөнбек Зилалиев бошотулганы айтылууда
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Дүйшөнбек Зилалиев бошотулганы айтылууда
© Элита плюс

9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. Белгилей кетсек, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок кечээ, 6-октябрда аны белгисиз адамдар УКМКнын тергөө абагынан бошотушкан. Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган.