Дүйнөдө
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу: “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу:   “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
© Элита плюс
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу:   “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
© Элита плюс
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу:   “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
© Элита плюс
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу:   “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
© Элита плюс
Томас Алва ЭДИСОН, ойлоп табуучу:   “Өзүңдүн кетирген каталарыңдан тажрыйба алып, ошол тажрыйба аркылуу максатыңа умтул”
© Элита плюс

Байгерчиликке жол Америкалык даңазалуу ойлоп табуучу, белгилүү бизнесмен-миллионер, электротехник Томас Алва Эдисон 1847-жылы 11-февралда АКШнын Огайо штатындагы Мейлен шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы буудай сатып үй-бүлөсүн баккан соодагер болгондугу тууралуу айтылат.
Томас Эдисон өзүнүн ойлоп табуусу үчүн АКШдан миңден ашык патент алган алгачкы бизнесмен. Андан сырткары, Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде да ар кыл ачылыштагы 3 миңдей патент каттаткан ишкер-миллионер. Т.Эдисон электр тармагына жана киноматографияга эң чоң салым кошуу менен, дүйнөдө Илим изилдөө борборун негиздеген эң алгачкы адам катары да тарыхта калды. Илим менен техника дүркүрөп өскөн ушул мезгилде дагы Томас Эдисон ойлоп тапкан кино жабдуулар, телефон, лампочка, диктофон ж.б. каражаттар дүйнө элинин пайдалануусунда.

Томастын бала чагы Томас жаңы төрөлгөндө анын атасы Самуэльдин соодасы жүрүшпөй, банкрот болуп, аргасыздан жер которуп кетүүгө туура келген. Бирок, жаңы көчүп келген Мичиган штатынан деле алардын иши оңолуп кетпегендиги жөнүндө айтылат. Кичинекей Томас 2 жашында инфекциялык ооруга чалдыгат. Ата-энеси ошол мезгилде колу жукарып калгандыктан улам баланы дарылоо курсунан өткөрө албай калышат. Өз учурунда дарыланбай калгандыктын натыйжасында баланын угуу анолизатору жабыркап, начар угуп калган. Томас 1-класска келгенде жакшы укпагандыктан көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Мугалимдери Томастын акылы кем, мүмкүнчүлүгү чектелген бала экендигин ата-энесине түшүндүрүп, жалпы билим берүүчү мектепте окуй албастыгын айтышкан соң, мектепти да таштап кетүүгө туура келген. Анын мектепте болгону үч ай эле билим алганы айтылып келет. Томастын апасы Нэнси Элиоттин адистиги мугалим, өтө акылдуу жана билимдүү адам болгон. Ошентип, мектептен чыгып калган Томас алгачкы билимди үйдөн, энесинин колунан ала баштайт. Чындыгында Томас Эдисондун дүйнөнү дүңгүрөткөн окумуштуу болуп чыгышына анын апасы Нэнси Элиоттун эмгеги зор. Алгачкы эксперимент Жети жаштагы Томас үйүнөн окуу менен бирге үй-бүлөсүнө жаштайынан кол кабыш кылып чоңойгон. Ал, жашылча-жемиштерди терип алып, автобекеттерге, поезд станцияларына барып соода кылчу. Анын тапкан акчасынын көбүнө апасы китеп сатып алып, баласынын билимин өркүндөткөнгө жумшаган. Энесинин талыкпас аракети менен Томас 10 жашка толгондо химияга абдан кызыга баштаган. Анын кызыгуусун арттыруу үчүн апасы Ненси баласы Томас менен бирге үйүнүн жер төлөсүндө алгачкы эксперименталдык лабораториясын түптөшкөн. Ошентип, талыкпаган мээнеттин натыйжасында Ненси Элиотт кичинекей Томасты илимдин чыйыр жолуна салган.
1862-жылы Томас поезд вокзалда соода кылып жүрүп, рельстин алдына кирип бара жаткан 3 жашар баланы өлүмдөн сактап калат. Томас сактап калган бөбөк ошол станциянын башчысынын уулу болгон. Уулунун аман калганына сүйүнгөн чиновник 15 жаштагы Томаска оператор телеграф болуп иштөө сунушун киргизген. Томас ал сунушту дароо кабыл алып, айлык акыга иштеп калат. Илим чыйырына түшүп калган Томас Эдисон дал ошол жерден Майкл Фарадейдин “Электрди изилдөөнүн тажрыйбалары” деген китебин окуп, өз күчүн ойлоп табуу жаатында сынап көрмөкчү болот. Ошондон көп узабай эле эң алгачкы ойлоп табуучулук патентти колго алган. Томас электр системасында добуштарды эсепке алуучу аппарат иштеп чыгып, бирок, эл арасында бул жабдууга болгон талап жоктугунан патентке кардар табылбай, алгачкы ойлоп табуучулук натыйжасыз болуп чыккан.
Лабораториянын ачылышы - ийгиликтин башаты Өзүнө пайда алып келбей калган ачылыштан соң, Томас элге абдан керектүү жабдыкты ойлоп табуу чечимин кабыл алат. 1870-жылдын аяк ченинде биржа акциясын таануу жабдыгын ойлоп таап, 40 миң доллар киреше табат. Ошол мезгилде Томас Эдисон болгону 23 жашта гана болгон. Кирешеден түшкөн акчага сапаттуу материалдар менен жабдылган алгачкы мастерскойун түптөгөн. 1873-жылы бир эле учурда 3 билдирүүнү жөнөтө ала турган телеграфтын өзгөчө схемасын ойлоп тапкан. Ал жабдыкты Томас Эдисон Western Union компаниясына 10 миң долларга саткан. Мындай акча ал учурда өтө чоң суммадагы киреше болчу. Ошол эле мезгилде Т.Эдисон электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Микрофонду, андан кийин электр лампаларынын түрлөрүн, кабелдерди, диктофон, кинокамера, ток чыгаруучу генераторлорду ойлоп табуу менен дүйнө жүзүндө “сыйкырчы” аталган. Т.Эдисон 1882-жылы Манхеттенде эң алгачкы электр подстанциясын орноткон. Ошол эле шаарда электр генератору, лампочка жана кабелдерди даярдоочу компанияны негиздеген. Ал, 35 жашында өзүнүн ишкердигин арттырып, дүйнөдөгү миллионерлердин катарын толуктаган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Эдисон дайыма “1% талант, 99% эмгек” деген принципти өмүрүнүн аягына чейин карманган. Өзүнүн кол алдында иштеген, өз ишин мыкты аткарган жумушчулардан билбеген нерселерин уялбай, тартынбай сурап, керектүү учурда алардан үйрөнгөн жетекчи болгон. Томас Эдисон өз лабораториясында 16-18 саат бою тынбай иштеген. Ал, кол алдында иштеген карапайым жумушчуларын өтө урматтаган окумуштуу кожоюн катары тарыхта алтын тамгалар менен сакталып калды.
Даңазалуу ойлоп табуучу, ишкер Томас Алва Эдисон 1931-жылы кант диабети оорусунан каза болгон.
Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ