Коом
Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өтөт
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өтөт
© Элита плюс

19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Enactus Кыргызстан" коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова билдирди. Айтымында, ишембилик эртен мененки саат 9дан 12ге чейин уланат. "Дүйнө жүзү боюнча 180 өлкө ишембилик өткөрөт. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышып келүүдө. Биздин өлкө 180 мамлекеттин ичинен калктын санына карата эсептегенде катышуучулардын саны боюнча эки жылдан бери биринчи орунду алып келүүдө. Былтыр жалпы ишембиликке Кыргызстандан 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышаары күтүлүүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары бардык жарандарды кайдыгер мамиле жасабай, ишембиликке катышууга чакырат.