Дүйнөдө
Дүйнөдөгү эң бай аял аталды
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Дүйнөдөгү эң бай аял аталды
© Элита плюс

Дүйнөдөгү эң бай аял Amazon корпорациясынын башчысы Жефф Безостун мурдагы жубайы Маккензи Скотт болду. Анын байлыгы 68 миллиард долларга жеткенин Bloomberg агенттигинин рейтингинде айтылат. Скоттон кийинки орунга 66,8 миллиард доллар мүлкү менен косметикалык каражаттарды чыгарган L"Oreal компаниясынын ээси Франсуаза Беттанкур-Майерс жайгашкан. Ал эми биринчи катарды Жефф Безос өзү ээлеген. Анын мүлкү 207 миллиард долларга бааланат. Жакында эле Forbes журналы ишкерди тарыхта алгачкы жолу байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам деп тапкан. Жубайлар былтыр эки айрым жолго түшүшкөн. Ал Amazon компаниясынын акциясынын төрт пайызын - 38 миллиард долларын алганы айтылат.