Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир миллионго жакындады
Элита плюс
Апрель 02, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир миллионго жакындады
© Элита плюс

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир миллионго жакындады. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, учурда 941 миң 949 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Ал эми каза болгондордун саны 47 миң 522ге жетти. Илдеттен 195 миң 929 жаран айыккан.

COVID-19 вирусун эң көп АКШда 216 миңден ашык, Италияда 110 миңден ашык, Испанияда 104 миңден ашык адам жуктурган. Санап өткөн өлкөлөрдүн ичинен Италияда 13 миң адам көз жумган жана өпкөнү сезгенткен дарттан каза болгондордун саны боюнча сап башында турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.