Бүгүн, 23-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 77 миллион 955 миң 749 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 43 миллион 946 миң 497 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 715 миң 815 (+14159) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 18 миллион 217 миң 159 болду. 322 миң 585 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 75 миң 116 адамдан аныкталды. 146 миң 111 адам каза болсо, 9 миллион 636 миң 487 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.