Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 11 миңден ашык адам каза болду
Элита плюс
Декабрь 20, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 11 миңден ашык адам каза болду
© Элита плюс

Бүгүн, 20-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 76 миллион 205 миң 370 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 42 миллион 978 миң 668 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 683 миң 967 (+11135) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 17 миллион 632 миң 57 болду. 316 миң 22 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 57 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 4 миң 599 адамдан аныкталды. 145 миң 136 адам каза болсо, 9 миллион 550 миң 712 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 213 миң 155 адам вируска кабылган. 186 миң 356 бейтап көз жумса, 6 миллион 388 миң 938 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.