Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 20 миңден ашты
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 20 миңден ашты
© Элита плюс

Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумгандардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында айтылат.

Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнөдө коронавирус илдетинен 20 миң 834 адам каза болсо, аны 462 684 адам жуктуруп алган.

COVID-19 вирусу дүйнөнүн 199 өлкөсүндө аныкталды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңунда кытай бийлиги каяктан чыкканы белгисиз болгон пневмония оорусунун күч алгандыгын жарыялаган. Медиктер оорунун козгоочусун аныктаган, ал – жаңы типтеги коронавирус болуп чыккан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетин пандемия деп жарыялаган.