Бүгүн, 24-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 78 миллион 623 миң 752 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 44 миллион 245 миң 956 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 729 миң 166 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 18 миллион 455 миң 656 болду. 326 миң 88 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 99 миң 66 адамдан аныкталды. 146 миң 444 адам каза болсо, 9 миллион 663 миң 382 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.