Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 68 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
Элита плюс
Декабрь 09, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 68 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
© Элита плюс

Бүгүн, 9-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 68 миллион 161 миң 156 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 43 миллион 899 миң 717 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 555 миң 898 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 15 миллион 161 миң 807 болду. 286 миң 189 адам каза болсо, 5 миллион 786 миң 915 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 703 миң 770 адамдан аныкталды. 140 миң 958 адам каза болсо, 9 миллион 178 миң 946 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 674 миң 999 адам вируска кабылган. 178 миң 159 бейтап көз жумса, 5 миллион 965 миң 492 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.