Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 67 миллион адам жуктуруп алды
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 67 миллион адам жуктуруп алды
© Элита плюс

Бүгүн, 8-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 67 миллион 549 миң 625 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 43 миллион 438 миң 109 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 543 миң 280 (+8173) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 14 миллион 944 миң 968 болду. 283 миң 650 адам каза болсо, 5 миллион 714 миң 557 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 677 миң 203 адамдан аныкталды. 140 миң 573 адам каза болсо, 9 миллион 139 миң 901 бейтап айыкты.

Ал эми "Ал үйүнө кайтып келди. Биз бул билдирүүгө абдан кубанычтабыз. Ал калыбына акырындан келип, кадимки жашоого кайтып жатат" деген Санту.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.