Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 59 миллион 671 миң 202 адам жуктуруп алды
Элита плюс
Ноябрь 25, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 59 миллион 671 миң 202 адам жуктуруп алды
© Элита плюс

Бүгүн, 25-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 59 миллион 671 миң 202 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 38 миллион 189 миң 510 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 407 миң 542 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 589 миң 221 болду. 259 миң 874 адам каза болсо, 4 миллион 696 миң 664 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 177 миң 840 адамдан аныкталды. 134 миң 218 адам каза болсо, 8 миллион 562 миң 641 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 87 миң 608 адам вируска кабылган. 169 миң 485 бейтап көз жумса, 5 миллион 481 миң 184 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.