Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 39 миллион 884 миң 616 болду
Элита плюс
Октябрь 19, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 39 миллион 884 миң 616 болду
© Элита плюс

19-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 39 миллион 884 миң 616 болду. Анын ичинен 27 миллион 413 миң 784 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 112 миң 426 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 152 миң 93 адамдан коронавирус аныкталды. 219 миң 669 адам каза болсо, 3 миллион 234 миң 138 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 494 миң 551 адамдан аныкталды. 114 миң 31 адам каза болсо, 6 миллион 597 миң 209 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 224 миң 362 адам вируска кабылган. 153 миң 675 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.