Дүйнөдө
Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 70 миллионго жетти
Элита плюс
Декабрь 12, 2020 г.
Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 70 миллионго жетти
© Элита плюс

Бүгүн, 12-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 70 миллион 131 миң 911 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 45 миллион 292 миң 146 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 592 миң 486 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 15 миллион 834 миң 965 болду. 294 миң 874 адам каза болсо, 6 миллион 135 миң 314 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 796 миң 769 адамдан аныкталды. 142 миң 186 адам каза болсо, 9 миллион 290 миң 834 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 781 миң 799 адам вируска кабылган. 179 миң 765 бейтап көз жумса, 6 миллион 76 миң 719 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.