Дүйнөдө
Дүйнөдө эң мыкты ресторандар аныкталды
Элита плюс
Июль 31, 2020 г.
Дүйнөдө эң мыкты ресторандар аныкталды
© Элита плюс

Дүйнөдөгү эң ири туристтик тейлөө кызматы "TripAdvisor" саякатчылардын сын-пикирлерине жана тажрыйбаларына таянып, 2020-жылдагы эң мыкты ресторандардын тизмесин жарыялды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирет. Биринчи орунду Франциядагы "Auberge Du Vieux Puits" француз рестораны ээлесе, экинчи орунга кайрадан эле - Францияда жайгашкан "La Ville Blanche" той канасы тандалган. Үчүнчү орунду Аргентинанын борбору Буэнос-Айресде жайгашкан "Chila" аттуу ресторан алды. Төртүнчү орунду Британиялык "The Black Swan" рестораны, бешинчи орунду Колумбиянын "Leo" мекемеси ээледи. Рейтингдин алтынчы катарында Буэнос-Айрестеги аргентиналык "Aramburu" ресторанына, жетинчи орунга - Франциянын "Restaurant La Maison d'a Cote" рестораны, сегизинчи орунда Сантьягодогу "040" рестораны турат. Тогузунчу орунда Жапонияда "Ise Sueyoshi", ал эми онунчу орунда Улуу Британиядагы "The Fat Duck" турат. Бул ресторандардан тышкары, тизмеге Чили, Япония, Германия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Испания, Нидерланды, Италия, Жаңы Зеландия, Израиль, АКШ жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдүн той каналары да кирди.