Дүйнөдө
Дүйнөдө 38 млндон ашуун адам илдетке чалдыкты
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Дүйнөдө 38 млндон ашуун адам илдетке чалдыкты
© Элита плюс

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 38 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкты.

Вирус жуктургандар эң көп АКШда (7,85 млн), Индияда (7,17 млн) жана Бразилияда (5,1 млн) катталган. Ал эми Орусия дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бул өлкөдө коронавирус 1,31 миллион адамдан аныкталган.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны төрт күндө миллионго көбөйгөн. 10-октябрда дүйнө жүзү боюнча бул оору менен 37 миллион бейтап катталган. Алар бир айдын ичинде эле 10 миллионго жеткен.

Ошол эле учурда дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 1 миллион 84 миңден ашты. Эң көбү АКШда катталып, оорудан 215 миң адам көз жумган. Каза тапкандардын саны боюнча кийинки орунда Бразилия (150,6 миң) жана Индия (109,8 миң) турат.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Аймактык өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Дорит Ницандын айтымында, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкуну катталган жок. Учурда оору күчөп бараткан өлкөлөр бар, ошол эле учурда оору азайып бараткан өлкөлөр да бар. «Коронавирустун түрлөрү жана формалары пандемиянын экинчи толкуну жок экендигин көрсөтүп турат» , — деди Ницан.

Бир күн мурун, 13-октябрда Орусияда COVID-19дан каза болгондордун пандемия башталган берки рекорддук саны катталып, 244 адам көз жумган. Өлкөдө өткөн суткада жаңы вирус жуктургандар 13,8 миңден ашты.