Спорт
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
© Элита плюс
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
© Элита плюс
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
© Элита плюс
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
© Элита плюс
Дүйнө жана Азия оюндарынын чемпиону, улакчы кыз Нурзат Бактияр кызы
© Элита плюс

2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында жабык имараттардагы 5-Азия оюндары өтүп, мында Кыргызстандын намысын 153 спортчу спорттун 17 түрү боюнча коргоп, 70 медаль утуп олжолуу келишкен. Кыргыз спортунун тарыхында 13 спортчу Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Алардын катарында Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Нурзат Бактияр кызы 1 алтын, 1 коло байге утуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эле. Былтыр 2018-жылы Нурзат Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган. Коомдук тартипти сактоо менен спортто да ийгилик жараткан Нурзат башкаларга үлгү. Ал окуучулук кезден тарта волейбол, жеңил атлетика, таяк тартыш, кол күрөш менен алектенип жүрүп, чоң спортко алыш күрөшү менен бет алган. Балбан кыз туурасында кененирээк сөз кылабыз.

Улакчы кыз

-Нурзат Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Он бир туугандын сегизинчиси. Атасы Бактияр Молдомаматов, апасы Малика Таныкулова 7 кыз, 3 уулду татыктуу тарбиялаган, айылга кадыр-барктуу адамдар. Нурзаттын ата-бабалары балбан болушкан. Чоң атасы Бөлөкбай атчан кишиден жерде туруп улакты жулуп алган, топоз, уй, жылкы көтөргөн, далысы жерге тийбеген балбан болгон экен. Атасы Бактияр дагы улакчы, айылды даңазалаган балбан. Нурзаттын карылуу, кара күчү бар экенин байкаган атасы “мен сени Курманжан даткадай атактуу кылам”,-деп 15 жашында атына учкаштырып, улак тартышка алып барып, жигиттер менен кошо улак тартышка салып жүргөн. Ошондон улам айылдаштары Нурзатты “улакчы, балбан кыз” деп, жашынан билишет. “Кыз киши да улак тартчу беле, уят болот”, деп апам урушуп, каршы болду. Анан 9-класстан баштап өзүмчө машыгып, күндө чуркап, балдар менен күрөшүп, өзүмө батпай жүрдүм. Мектепте окуп жүргөндө кол күрөштөн классташ балдарымды да утуп алчумун. Кээде балдар да күч сынашуудан баш тартып, "кой ай, сенден жеңилип калып уят болбоюн" деп калышчу”- дейт Нурзат.

Алгачкы медаль

-Нурзаттын чоң спортко жолун ачкан Өзгөн райондук мектеп окуучуларынын жеңил атлетика мелдеши болду. 10-класста окуп жүрүп, райондук мелдеште 500 метрге жарышта марага озуп келип, алгачкы алтын медалдын ээси болуп, аалам чемпиону болгондой канат бүтүп, шерденип калган. Оңой берди болуп, 11-класста окуп жүргөндө айылына Жээнбек Акыев бел боо күрөшү боюнча ийрим ачып, Нурзат балдар менен чогуу машыга баштады. Энергиясы ашып ташып турган балбан кыз жеңил атлетика, волейбол, кол күрөш боюнча дагы райондук, облустук мелдештерде жеңүүчү аталып, мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадаларында күрөш боюнча чемпион болду. Айылында аны “универсал спортчу” дешет. “Үйдө кыздай болуп оокат кылбай, спорт деп талаалап жүрөсүң” деп апасы нааразы болсо, атасы “көрөсүң, кызым Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан чемпион болот” деп ишеним артчу.

ИИМдин көп жолку чемпиону

-2012-жылы мектепти бүткөндө Нурзат ИИМдин Академиясына тапшырып, элдин коопсуздугу, калктын тынчтыгы үчүн кызмат кылууну максат кылат. Академияда окуп жүргөндө дагы спортту таштабай, ИИМдин, “Динамо” спорт коомунун намысын коргоп, кармаш урушу, кол күрөш, спорттун көптүк түрү, самбо, бел боо күрөшү, жеңил атлетика боюнча ИИМдин көп жолку чемпиону болду. Академиянын волейбол боюнча кыз-келиндер командасында дагы ойноду. Республикалык универсиаданын самбо, жеңил атлетика боюнча жеңүүчүсү аталды. Кандай мелдеш болсо дагы Нурзат баарына дайым даяр туруп, Академиянын сыймыгына айланды. 2016-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, милициянын лейтенанты деген наамды алып, туулуп-өскөн Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө жолдомо менен жиберилген. Бир жылдан бери өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүндө тескөөчү болуп иштеп, спортко да убакыт таап, өлкө намысын коргоп келүүдө.

Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, өлкөнүн 9 жолку жеңүүчүсү

-Нурзат алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын тогуз жолку чемпиону. Бул күрөш менен 2000-жылдан бери машыгып, 60,63,65 жана 70 килограмм салмактарда Кыргызстанда ага теңдеш балбан чыга элек. Мындан тышкары, алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевди эскерүү эл аралык Гран-при турниринин көп жолку жеңүүчүсү. 2015-жылы Орусиянын Сочи шаарында өткөн Азия оюндарынын жадыбалына алышты тандоо үчүн көрсөтмөлүү мелдешине катышып, Нурзаттын чеберчилиги жогору бааланган. 2016-жылы Чолпон-Атада өткөн Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышып, өз салмагы 65 кг. болсо дагы 70 кило салмактагы балбан кыздар менен алыш күрөшүндө күч сынашып, финалга чейин жетип, түркмөнстандык Рано Узаковага аз упай айырма менен утулуп, күмүш байге алып, келме кезегин күтүп, намыстанып, бармак тиштеп калган эле. 5-6 кг. салмак дагы таасирин берип, таза жеңишке жетүүгө кедерги болорун сезди. 2017-жылы жаштык жалын жанын жай алдырбай таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, Алматыда өткөн эл аралык мелдешке да катышты. 2018-жылы алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен удаа өтүп, Нурзат 65 кг. салмакта бардык атаандаштарын утуп, финалда казакстандык Канзаада Арайлыны жеңип, дүйнө чемпиону болду. О.э. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын баш байгесин да утуп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоду.

Азия оюндарынын коло байгеси

-20-сентябрда Ашхабадда алгач бел боо күрөшүнүн эркин ыкмасында 70 кг. салмакта күч сынашты. Чейрек финалда индиялык атаандашын оңой эле утуп, жарым финалга жолун ачты. Кийинки атаандашы тажрыйбалуу түркмөнстандык Насиба менен күч сынашууда калыстар ага жан тартып, Нурзатка улам эскертүү берип, жандуу күрөшүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Калыстар жеңишти түркмөн балбанына ыйгарып, Нурзат коло байгенин ээси болуп, өзүнө ыраазы болбой калды. Башка балбандар ден-соолугун калыбына келтирүүчү витаминдерди жеп, дары-дармектерди колдонуп жатса, Нурзатка тамак-ашы да жакпай, каруу-күчтөн тайып баратты. 22-сентябрда кайрадан килем үстүнө чыгып, алыш күрөшүнүн эркин ыкмасында күч сынашты. Тилекке каршы чучукулак кармоодо дагы түркмөнстандык Рано Узаковага туш болуп, үч күндүк таймашуулар алсыратып, атаандашына алдырып койду. “Эртеңки чечүүчү мелдеште алтын байгени утушум керек, -деп намыстанган Нурзат эч маанайын түшургөн эмес.

Алтын үчүн таймаш

-23-сентябрда дагы алыш күрөшүнүн эркин ыкмасы боюнча Кыргызстандын намысын сактоо үчүн бел байлап, кайраттанып чыкты. Чейрек финалда түркмөнстандык Саодат Исмурадова менен күч сынашуу курч мүнөздө өттү. Калыстар ага жан тартып тургандыгына карабай Нурзат таза жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финал башталганда эле индиялык Дивин Гурулинг Шылвантты 4 секундда сол жамбашка салып чаап, таза жеңип, баш байгеге талапкер болду. Кайрадан анын атаандашы болуп түркмөн балбаны Рано Узакова килемге чыкты. Анын таза салмагы 75-76 кг. болсо, салмак түшүрүп, 70 килодо күч сынашып, баарын утуп келүүдө. Нурзат аны жакшы тааныгандыктан, ал сол жамбашка чалып жыгууга аракет кыларын билет эле. Рано сол жамбашка чабууга абдан аракет кылды. Оңдой берди болуп, Нурзат оң жамбашка салып Ранону таза чапса да калыстар бир гана упай берип коюшту. Калыстар түркмөн балбанына жан тартып тургандыктан таза жеңүү гана керектигин сезген Нурзат дагы бир упай алуу менен жылдызы жанып, Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Төрт күн катары менен күрөшүп, алтын байгеге жетүү не деген эрдик! Ал бул жеңиштерин кыргыз элине жана атасы Бактиярга арнаганын айтып берди.

13 миң сом айлык, алдыда далай таймаш бар

  • “Мурда Түркмөнстандын балбандарын биз теңибизге албай жүрсөк, акыркы жылдары аларга мыкты шарттар түзүлүп, мыкты ийгиликтерге жетише баштады. Азия оюндарына 6 ай тынбай даярдык көрүшүптүр. Биз бир айга жетпеген убакыт гана камылга көрдүк. Кыргызстандын тандалма командасына мүчө болгондор Дене тарбия, спорт агенттигинен ай сайын стипендия алышат. Биз спорттун олимпиадалык эмес түрүнөн Кыргызстандын намысын коргоп жүрсөк да, мамлекеттен бир тыйын да албай келебиз. 13 миң сом айлык эч нерсеге жетпейт. Анан кантип, карандай чай менен машыгып, ийгилик жаратууга болсун! Самбо, дзюдо күрөшүнөн да күчүмдү сынап көрсөм дейм. Бирок, алыш федерациясынын жетекчилери башка түрдө мелдешке катышууга каршы болуп, уруксат беришпейт. Ошондой болсо да алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык ыкмалары боюнча дүйнөнүн жана Азиянын көп жолку чемпиону болуп, Кыргызстанды ааламга таанытсам деген аруу тилегим бар” дейт Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси, милициянын лейтенанты Нурзат Бактияр кызы. Атыңа затың жарашып, тилегиңе жет, Нурзат!

Кабыл МАКЕШОВ спорттук баяндамачы