Дүйнөдө
Дүйнө: Кооптуу кесиптер аталды
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Быйылкы жылы кооптуу кесиптер рейтингинде дарыгерлер көч башында болууда. Өмүр сакчылары бул сапар шахтачылардан, өрт өчүрүүчүлөрдөн жана аскер кызматкерлеринен озуп, алдыга чыкканын РИА "Новости" билдирди. Иликтөө 30-июлдан 3-августка чейинки аралыкта ачык сурамжылоодогу маалыматтарга негизделген. Россиялыктардын 20 пайызы дарыгердин жумушу азыркы учурда эң кооптуу кесип деп эсептешкен. Шахтачылардын ишинде тобокелдик көп дегендер 10 пайыз болгон. 8 пайыз респонденттердин пикири боюнча, кооптуу жумушту өрт өчүрүүчүлөр жасашат. Аскер кызматкерлеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын ишмердүүлүгү кооптуу дегендер 6 пайызды түзгөн.