Коом
Диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан жаран кармалды
Элита плюс
Ноябрь 15, 2022 г.
Диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан жаран кармалды
© Элита плюс

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн "Экстремист" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 21 жаштагы Б.М. кармалды. Аталган жаран “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.