Коом
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы сыйлады
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы сыйлады
© Элита плюс

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний уюмдарды үзүрлүү кызматташтык үчүн сыйлады. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Максатбек ажы Токтомушевду, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниилди жана “Адеп башаты” диний уюмунун жетекчиси Автандил Жусупбековду өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режим учурунда муктаждарга кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыраазычылык каты менен сыйлаган.  Ошондой эле Эргешов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кошкон салымы үчүн Өкмөттүн атынан “Мутакалим” коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызына алкыш баракчасын тапшырган.