Саясат
Депутаттардын кезексиз жыйыны башталды
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Депутаттардын кезексиз жыйыны башталды
© Элита плюс

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ушу тапта алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталууда.

Күн тартибинде үч маселе бар: Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкер.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчо абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.