Саясат
Депутаттар өкмөттү бекитүү маселесин карап жатышат
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Депутаттар өкмөттү бекитүү маселесин карап жатышат
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чогулуп, өкмөттү бекитүү маселесин карап жатышат. Алгач парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин, өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитти.

Парламент төрагасы Канатбек Исаев жыйынга 83 депутат катышып жатканын, дагы сегизи ишеним катын жазып бергенин маалымдады.

Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка тандаганын эки жолку чукул жыйынында жарыялаган. Бирок отурумда кворумга жетишилбеген шартта кабыл алынган бул чечимдер оппозициянын, президенттин жана айрым депутаттардын арасында күмөн жараткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаров боюнча маселени ыкчам карап, бул жүрүмгө мыйзам чегинде чекит коёт деп ишенерин 14-октябрда билдирди.