Депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулган "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы Сокулук районунда уланды
Элита плюс
Апрель 05, 2021 г.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулган "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы Сокулук районунда уланды
© Элита плюс
Депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулган "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы Сокулук районунда уланды
© Элита плюс
Депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулган "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы Сокулук районунда уланды
© Элита плюс
Депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулган "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы Сокулук районунда уланды
© Элита плюс

4-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын окуучулары арасында "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Мелдешке алдын-ала уюштурулган тестирлөөнүн алты жеңүүчүсү катышып, ат салышты.

Алгач ирет өтүп жаткан иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, мектеп директорлору жана айыл тургундары күбө болду.

Таймашта биринчи орунду 11-класстын окуучу Эльнура Амантаева ээлеп, депутаттын колунан заманбап ноутбук белекке алды. Экинчи орунду алган окуучуга смартфон, калган катышуучуларга китептер топтому жана башка кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Ошондой эле жеңген окуучунун мугалими Рада Иманкуловага "Байтур" кымыз менен дарылоо комплексине эки кишилик жолдомо тапшырылып, муну менен катар башка окуучулардын мугалимдерине да Жогорку Кеңештин депутатынын атынан ыраазылык каттары ыйгарылды. Ал эми таймаштын уюштуруучу Аида Медетбек кызына 20 миң сомдук акчалай сыйлык берилди.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн иш-чаранын демөөрчүсү, депутат Тынчтыкбек Конушбаев башкы максаты жаштарды шыктандырып, жакшы окууга үндөө экенин белгилеп: "Билимдүү адам гана бардык бийиктиктерди багынтып, эгемен өлкөбүздү өнүктүрө алат. Андыктан, болгон күчүбүздү билимдүү жаштарды колдоого жумшоо менен катар аларды алдыга сүрөп келе жатабыз. 20 жылдык аракетибиздин арты менен алыскы Америкада билим алып, Кыргызстанда да ийгиликтүү иштеп жаткан уул-кыздарыбыз арбын. Буга чейин Суусамыр өрөөнүндөгү беш мектептин окуучулары арасында гана ушундай иш-чаралар өткөрүлүп келген болсо, быйылкы жылы алардын катарына Военно-Антоновка окуу-тарбия катарына Воено -Антоновка комплекс-гимназиясы да кошулду. Буйруса, изги тилектер менен өткөрүлгөн иш-чараларыбыз ийгиликтүү улантылып, натыйжасын берет деген ишеничтебиз", - деди.

Андан тышкары, аким Аманкан Кенжебаев мындай окуучулар арасында уюштурулган интеллектуалдык таймаш Сокулук районунда алгач ирет өткөрүлүп жатканына токтолуп, тажрыйбаны аймактагы башка мектептерге да жайылтуу керектигин кошумчалады. Мындай пикирди аземге катышкан мектеп директорлору да билдиришти.

Ал эми мугалим Рада Иманкулова таймаш окуучусун гана шыктандырбастан, өзүндөй агартуучулар үчүн да жакшы жаңылык болгонун белгилеп: "Бизде мындай таймаштар буга чейин өткөрүлгөн эмес. Аябагандай толкундануу менен кабыл алдык. Ата-энелер менен айыл аксакалдары да иш-чарага кызыгуу менен көңүл бурушту. Андыктан, бул долбоорду кийинки жылы да улантууну демөөрчүбүз Тынчтыкбек Конушбаевден өтүнөбүз", - деди.  

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү беш мектептин окуучулары арасында жыл сайын салтка айланган "Акыл Ордо" жана "Парламент сүйлөйт" билим таймаштарын өткөрүп келет. Окуу жылынын аягында 200дөй балага стипендия тапшырып, чет өлкөгө окуй турган окуучуларга да каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү социалдык мекемелердин кызматкерлерине жана мектеп окуучуларына Жаӊы жыл майрамында белектерди берүүнү да адатка айланткан. Андан тышкары, өткөн жылы пандемия маалында да Жайыл районундагы бир катар айылдардын аз камсыз болгон тургундарына азык-түлүк тараткан.