Коом
"Ден соолук" паркы жакында ачылат
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
"Ден соолук" паркы жакында ачылат
© Элита плюс

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги жаңы "Ден соолук" паркынын курулушу аяктап калды. Мэриядан билдиргендей, парктын жалпы аянты 10 гектардан ашат. «Бишкек асфальт сервис», «Бишкек жарыктандыруу» жана «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканалары аллея, тротуар, иррригация системасын куруп, жарыктандырып, спорттук зона уюштурду. Эс алуу багында спорттук-ден соолукту чыңдоочу зона жана сейилдөө үчүн аймак болот. Анын аймагында 300 орунга ылайыкталган унаа токтотуучу жай, медициналык пункт, 115 отургуч бар. Ошондой эле, парктын түндүк тарабында жаңы жол пайда болду. Футбол, волейбол жана баскетбол талаалары, волосипед жолу да курулду. Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн парктын бардык аймагына көзөмөл камералары коюлат.