Аймактар
Кенжебек ТОКТОСОПИЕВ, “Дельфин” Жылуу суу эс алуу комплексинин жетекчиси: “Жылуу суу өзгөчө бут, кол, муун ооруларына жакшы таасирин берет”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Кенжебек ТОКТОСОПИЕВ, “Дельфин” Жылуу суу эс алуу комплексинин жетекчиси: “Жылуу суу өзгөчө бут, кол, муун ооруларына жакшы таасирин берет”
© Элита плюс
Кенжебек ТОКТОСОПИЕВ, “Дельфин” Жылуу суу эс алуу комплексинин жетекчиси: “Жылуу суу өзгөчө бут, кол, муун ооруларына жакшы таасирин берет”
© Элита плюс
Кенжебек ТОКТОСОПИЕВ, “Дельфин” Жылуу суу эс алуу комплексинин жетекчиси: “Жылуу суу өзгөчө бут, кол, муун ооруларына жакшы таасирин берет”
© Элита плюс
Кенжебек ТОКТОСОПИЕВ, “Дельфин” Жылуу суу эс алуу комплексинин жетекчиси: “Жылуу суу өзгөчө бут, кол, муун ооруларына жакшы таасирин берет”
© Элита плюс

Өлкөбүздө минералдык жана арашан суулар кыргыз элибиздин саламаттыгын чыңдаш үчүн кеңири пайдаланылып келет. Ысык-Көл жер астынан чыккан минералдык жана арашан сууларга бай аймак. Бул аймакта учурда 25тен ашуун булактардын чыккан жери белгилүү. Көпчүлүгү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Алардын катарында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы жер астынан чыккан жылуу сууну айтсак болот. Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан «Дельфин» эс алуу жайы учурда туристтер эң көп барган жер болуп саналат. Бул эс алуу жайына күнүнө тынбай жүздөгөн эс алуучулар кирип чыгат. Көбүнчө чет өлкөдөн жана Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан келгендер арбын. Эс алуу жайындагы отургузулган түркүн-түстүү гүлдөр анын көркүнө көрк кошот. Аталган эс алуу борборунун жетекчилеринин бири Кенжебек Токтосопиев ар бир кардарына сылык мамиле жасап, мыкты сапаты менен эс алуучуларынын эсинде калат. Мыкты инсандан кызыктуу маек.

  • Кенжебек мырза, “Үй бүлө кичи мекен” демекчи, алгач, ата-энеңиз, үй-бүлөңүз туурасында сөз баштасаңыз?
  • Ата-бабам басып өткөн жер Ысык-Көлдүн ушул Чоң-Өрүктү айылы. Мен ушул айылда төрөлүп, өскөм. Эң өкүнүчтүүсү атамды көргөн жокмун. Себеби, атам 34 жашында авариядан каза болуп, мен апамдын курсагында 2 айымда калган экем. Кенжебек деп атым айтып тургандай алты эркек бир туугандын эң кичүүсүмүн. Апам баарыбызды жалгыз тарбиялап, багып чоңойтуп, туурубузга кондурган. 71 жашында бизди таштап оо дүйнөгө кете берди. Атасыз өссөк да апам бизди айкөлдүккө, колдон келген жардамды аябоого үйрөттү. Апамдын берген тарбиясынан улам кайрымдуулук ишин колго алууну жактырам. Колумдан келишинче муктаждарды камсыздап, жардамымды берип келем. Ал эми жубайым Гүлнара менен борбордон таанышкам. Анда мен Бишкекте милиция кызматкери элем. Жубайым ошол кезде эле мода үйүндө иштечү. Таанышканда эле экөөбүздө тең бири-бирибизди жактыруу сезими пайда болуп, 2-3 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, учурда 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Улуу кызым турмушта, уулум ЖОЖду аяктады. Ал эми кичүү кызым студент. -Угушубузга караганда элеттеги ишсиз айымдардын көйгөйүн да көтөрүп, Чоң-Өрүктү айылына тигүү цехин ачкан экенсиздер? -Ооба. Жубайым Гүлнара көп жылдан бери Дордойдо жеңил өнөр жай тармагында эмгектенет. Бишкекте эки кабаттуу тигүү цехибиз бар. Үстүңкү кабаты жатакана, алды цех. Ал жерде 40 айым иш менен да, жатакана менен да камсыз болушкан. Ушундан улам элеттеги айымдарга да көңүл бурсак деп алгач Ананьево айылындагы кыз-келиндерди иш менен камсыздап тигүү цехин ачканбыз. Анткени, жергиликтүү элден, айыл өкмөтүнөн сунуш түшкөн. Кийин өз айылыбызга да цех ачтык. Учурда 20дай кыз-келин иштеп, айымдардын кийимдерин тигишүүдө. Цехке деп айылдагы спорт клубдун бир жагын алгандыктан, ал спорт клубдун чыгымдарынын баары бизге жүктөлгөн. Кышкысын электр энергиясын төлөп, оңдоо-түзөө иштерин жасап турабыз. Анткен менен бул аракет жергиликтүү балдарыбыз үчүн өтө керектүү нерсе. Өсүп келаткан балдар убактысын текке кетирбей клубдан машыгып, күч сынашып ар кандай сынактарга катышып келишүүдө.
  • Өнөр жай тармагында жүрүп кийин бул Чоң-Өрүктүдөгү “Дельфин” эс алуу жайын иштетип калганыңызга эмне себеп болгон?
  • Менден мурун бул борборду Ибраев Оморбек аттуу досум агасы экөө иштетип жүрүшчү. Кийин досумдан бул жайдын сатылаарын угуп, ага кошулуп сатып алууну туура көрүп, эки жылдан бери иштетип келе жатабыз. Албетте, алгач оңдоо-түзөө иштерин колго алып, тегерегин курчатып тостурдум. Жаңы коттедждерди салып, өзгөртүү киргиздик. Мурдагы атын өзгөртпөстөн “Дельфин” боюнча эле калтырдык. Жалпысынан ушул айылдын 15 тургунун иш менен камсыздайбыз. Бизге келип эс алгандардын аягы суюлбайт. Кандай мезгил болбосун буту, колу, мууну ооругандар келип жер алдынан 45 градус ысыкта чыккан жылуу сууга келип түшүп кетишет. Былтыр бир апаны араң жетелеп келишти. Күндө үч маал бутун жылуу сууга салып олтургузуп атышты. Үч күндөн кийин ал апанын өз алдынча басып кеткенине күбө болуп бир жагынан кубанып, бир жагынан сыймыктандым. Бул жылуу суу ашказандын жарасына да даба. Жакын туугандарыбыздан бирөө ушул суудан тосуп алып ичип жүрүп, ашказан дартынан айыкты.
    -“Дельфин” борборунан дагы кандай процедураларды алууга болот? -Бизде жылуу суудан тышкары балык массаж, жалпы массаждар бар. Балык массаж - бул кадимки 1500гө жакын майда балыктар менен денеге укалоо жасамай. Өзгөчө бут, кол, муун ооруларына бул ыкма жакшы таасирин берет. Анткени, ооруп турган жерди балыктар өздөрү таап, изилдеп массаж жасашат. Мындай балыктар Польшадан алынып келинип дарылоо ыкмасы үчүн атайын багылат. Бирок, мындай балыктар 3 жыл гана жашай алышат жана 10 сантиметрге чейин эле өсүшөт. О.э. каалаган кардарлар үчүн укалоонун бир топ ыкмалары колдонулат. Ага кенен шарттар түзүлгөн. Дарылоо курсу бүткүчө биздин жатаканаларга жайгашып, эс алууга да мүмкүнчүлүктөр бар. -Сыр болбосо бааларына да токтоло кетсеңиз? -Жылуу суу куюлган бассейнге түшүү үчүн кирүү ар бир адамга 200 сомду түзөт. Жалпы денеге балык массаж 1000 сом, ал эми бутка же колго балык массаж 500 сом. Ал эми кадимки массаж алуу түрлөрүнө жараша, 450 сомдон 1000 сомго чейин. Жатакана боюнча бир орундук, бир кишиге бир күнгө 700 сом. Бул суммага жылуу суунун да баасы кирет. Ошондой эле бул жерде кафе, ашкана да бар. Ал жерден каалаган тамактарды кардарлар буйрутма менен алып тамактана алышат. Тамактардын баалары өтө кымбат эмес. Кардарлардын чөнтөгүнө ылайыктуу баа коюлган.
    -Бассейндеги суу канча убакытта бир которулуп турат? -Күн сайын кечки саат сегизде бассейндеги суулар төгүлөт да, ичин тазалап жууп, кайрадан жылуу сууну бассейнге коебуз. Ал таң атканча турат. Эртең менен толот. Бул минералдык суу атайын КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин лабораториясынан 2005-жылы текшерилип, көптөгөн ооруларга даба экендиги аныкталган. Дарылык касиети бар жылуу суу 1697 метр тереңдикте ысык жана муздак болуп бөлүнүп, өз-өзүнчө чыгат. Өзгөчө жылуу сууга кышында келгендер көп. Себеби, ачык асман алдында, айланада аппак кар башкача сезим калтырат. Аталган сууга түшүүнүн да эрежеси бар. Анткени бул минералдык суу болгондуктан 15-20 мүнөт гана түшүү керектелет. Ал эми келген кардарларыбызга атайын көрсөтмөлөрдү, кеңештерди берип, көзөмөлдөп турабыз. Эскертүү плакаттар илинген. Мисалы кан басымы жогоруларга мындай сууга түшүүгө болбойт. -Бул эс алуу жайы көлгө, пляжга да жакын экен. Андыктан, жылуу сууга эле эмес, массаждарга, көлгө түшүп эс алуу үчүн келгендер да көп болсо керек? -Албетте, дарылануудан тышкары жөн гана эс алуу үчүн келген конокторубуз да аз эмес. Жайкысын келгендердин саны абдан көп, өзгөчө жайкысын туристтерге байбыз. Мисалы, бир келген чет элдик жаран кийинки жылы сөзсүз башкаларды ээрчитип келет. Ал эми айыл тургундарына бул жерге кирүү акысыз. Андыктан, айыл тургундары да байма-бай кирип жылуу сууга түшүп турушат. Урматтуу окурман, кайсы мезгил болбосун көлдүн жээгинде эс алып, ден соолугуңузду чыңдап кетүүнү кааласаңыз “Дельфин” эс алуу жайына барсаңыз эч качан өкүнбөйсүз. Дареги: Ысык-Көл району, Чоң-Өрүктү айылы, “Дельфин” ден соолукту чыңдап жана эс алуучу жайы. Байланыш телефондору: 0702 05 62 81, 0777 67 16 42.