Коом
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коляскалар берилди
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коляскалар берилди
© Элита плюс

Бүгүнкү күндө 1 миң 746 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 миң 746 адамдын ичинен 855и чоңдор жана 891и майыптыгы бар балдар. Кресло-коляскалар майыптыгы бар адамдарга 3 жашынан баштап берилет. Алар бекер 5 жылга берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.

Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) төмөнкүлөрдү беришет:

- арызды;

- МСЭКтин корутундусу;

- иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет.