Коом
Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор иштебейт
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Көрүүлөр: 0
Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор иштебейт
© Элита плюс

Дем алыш күндөрү Бишкек шаарында коомдук транспорттор ишин токтотот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Анын айтымына караганда, коронавирусту жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу өкмөт жана Республикалык штаб бир нече эрежелерди өзгөрттү. Ага ылайык Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун ишин токтотууну карашкан. Ишемби күнү түштөн кийин токтотулуп, дүйшөмбү күнгө чейин иштебейт. Бул илдеттин жайылышына бөгөт коюууга багытталат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөң менен бол деген чакырыктын негизинде өкмөт коомдук транспортторду дем алыш күндөрү токтотуу боюнча чечим кабыл алганы турат. Боронов кошумчалагандай, таски кызматы жана менчик автоунаалар каттай берет. Ошондой эле, региондор аралык коомдук транспорттор дагы токтотулат.