Парламент
Дастанбек Жумабеков: “Сүт азыктары жергиликтүү приоритеттүү товарлардын тизмесинде турушу керек”
Элита плюс
Апрель 06, 2023 г.
Дастанбек Жумабеков: “Сүт азыктары жергиликтүү приоритеттүү товарлардын тизмесинде турушу керек”
© Элита плюс
Дастанбек Жумабеков: “Сүт азыктары жергиликтүү приоритеттүү товарлардын тизмесинде турушу керек”
© Элита плюс

Жогорку Кеңеш депутаты Дастанбек Жумабеков парламенттин 5-апрелдеги жыйынында элет элинин негизги киреше булагын түзгөн сүт азыктарын өндүрүүдөгү баалардын барксызданып кеткендигин айтып чыккан. Депутат бул багыттагы пикирин ушул эле күнү "Парламент" радиосунда да бышыктап, элдин суроо-талаптарын тааныштырды.

"Туут маалында сүт көп болот, - деген ой менен бааларды жасалма ылдыйлатуулар болуп жатабы? – деген күмөн саноолор болуп жатканы анык. Ошондуктан, кара малды кармоого кеткен чыгымдарды эсептеп чыгып, элге терс таасири тийбей турган бааны табуу керек", - деди депутат.

“Сырттан импорттолуп келип жаткан сүт азыктары жайнап кетти. Тескерисинче ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоп, алардын азыктарын сатып өткөрүүгө шарт түзүлүшү зарыл. Азыр Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкты жакырчылыктан чыгаруу үчүн 100 миң сомдон колдоо көрсөтүп, ага мал алып, ишкерликти жолго койгон элдин демилгесин суутуп албашыбыз керек”, - деп белгилеген Д.Жумабеков, - “Сүт азыктары жергиликтүү приоритеттүү товарлардын тизмесинде турушу керек”, - деп кошумчалады.

Бул жолку уктурууга КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков да катышты.

Союз тарагандан бери, сүт азыктарынын бааларын жөнгө салган орган жок. Себеби, сатып алуу жана сатып өткөрүүдө баштагыдай пландуу экономика жок, - деди Кеңешбай Тайлаков. Ошондой эле ал, - “Союз мезгилинде сүт элден 32 тыйындан сатылып алып, ага кошуп мамлекет дагы 6 тыйындан төлөп берген субсидиялык колдоолор болгон. Эми азыр андай нерсе жок”, - деп кошумчалады. Адистин айтымында, сүттүн орточо баасы биздин өлкөдө 70 сомду түзсө, Өзбекстанда 90, Казакстанда 107, Белоруссияда 65, Россияда 76, Арменияда 148, Тажикстанда 163  сомго жетет. Дегеле, бааларды жөнгө салууда системалуу иш алып баруу керек. Ал үчүн айыл чарба, экономика, салык тармактарында иш алып барган органдардын позициясы тармактык программа кабыл алуу менен жөнгө салынууга тийиш, - дейт К.Тайлаков.