Коом
"Дастан" ишканасынын жамааты тарабынан мыйзамсыз каражат иштетүү фактысы аныкталды
Элита плюс
Ноябрь 06, 2020 г.
"Дастан" ишканасынын жамааты тарабынан мыйзамсыз каражат иштетүү фактысы аныкталды
© Элита плюс

«Дастан» ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды кымырып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «ТНК Дастан» ААКнын жана «Улан» ААКнын туунду ишканасынын кызмат адамдары чет мамлекеттерден атайын техникаларды сатып алуу боюнча жасалма келишим түзүү менен бюджеттик каражаттарды кымырып алышкан.

"2020-жылдын май айында «Дастан» ишканасы чет өлкө менен 3 миллион долларга келишим түзгөн. Анын 695 миң доллары ушул корпорациянын жетекчилиги тарабынан «Улан» ААКнын туунду компаниясына тейлөө көрсөтүү шылтоосу менен сол чөнтөккө түшүп турган. «Улан» ишканасы атайын жабдууларды алып келүү үчүн жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири менен 54 млн сом суммасындагы жасалма келишим түзгөн. Келишимде көрсөтүлгөн акча «Улан» ААКнын директору Ж.Р.Ж. аттуу жарандын чөнтөгүнө түшкөн. Бул фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо) менен катталды. 
Тергөө иштеринин жыйынтыгында «Улан» ААКнын директору Ж.Р.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп берилет маалыматта.