Аймактар
Дарынын баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлөт
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Дарынын баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлөт
© Элита плюс

Ош шаарындагы дарыканаларга көзөмөл күчөтүлүп, бааны негизсиз көтөргөндөр үчүн тынымсыз рейд уюштурулмай болду. Буга тургундар тарабынан түшкөн кайрылуулардын көптүгү негиз болгон. Мындан улам шаар бийлиги каржы полициясынын өкүлдөрү менен биргеликте Оштун дарыканаларындагы дары-дармектерге болгон бааны текшерди. Анда, азыр өтүмдүү болуп жаткан дарынын 5 түрүнө болгон баа 2-3 эсеге чейин өскөндүгү аныкталды. Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев бул көрүнүш боюнча, тийиштүү кызматтарга билдирүү жолдонуп, бааны жогорулаткандарга каршы чара көрүлөөрүн билдирди. Ачыктык үчүн дарыкана ээлерине, ар бир дарынын кутусуна баагы жазып туруп сатуу тапшырмасы берилди. Ош шаарында азыркы тапта 20дан ашык фармацептикалык компания жана 200дөн ашуун дарыкана бар.